Ош шаарынын Озгур айылындагы Тотоев көчөсүндө Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа жол боюндагы каналга түшүп кетип, үч окуучу бала каза болду. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя бүгүн, 2-июнга караган түнү, саат 02:00дөр чамасында болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган, натыйжада унаа каналга кулаган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана эки жүргүнчү набыт болгон. Машинаны Озгур айылынын 17 жаштагы тургуну, Ак-Буура мектебинин бүтүрүүчүсү айдап баратканы айтылат. Ошол эле айылдын 15 жаштагы жашоочусу, Алымкулов атындагы мектептин 9-классынын окуучу Т.К. жанында болгон. Үчүнчү маркум Ноокат районунун Калдай айылынын 15 жаштагы тургуну К.Н. тууганынын үйүнө конокко келген.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, Т.Б. атасынын автоунаасын үйдөн уруксатсыз айдап чыгып, Озгур айылынын Тотоев көчөсү аркылуу батыштан күн чыгыш тарапты көздөй айдап бараткан.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү текшерүү иштери башталды.