Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон прапорщик Нургазы Мамытовдун жаркын элесине арналган футболдук мелдеш,баатыр туулуп өскөн Баткен районунун Ак-Татыр айылында уюштурулду. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер,Нургазы Мамытовдун үй бүлөсү,жакындары,достору, айылдаштары катышты.

Облус башчысы баатырдын эрдиги,элеси, элинин эсинде түбөлүк сакталаарын белгилеп,мекендин бүтүндүгүн коргогон эр азаматты тарбиялаган ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Алгач баатырдын элесине арналып Куран окулуп бата кылынды.

Андан соң спорттук оюнга старт берилди.Мелдешке район аймагынан чогулган 24 команда катышууда.

Маркум Нургазы Мамытов өмүрүнүн акыркы жети жылында Орто-Боз чек ара заставасында кызмат өтөгөн.

Ал 2022-жылы сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда,35 жашында баатырларча курман болгон.

Артында 4 кызы калган.

Белгилей кетсек, Нургазы Мамытовдун ысмы Ак-Татыр айылындагы көчөгө ыйгарылган.