Кыргызстанга кымбат баалуу Лексус үлгүсүндөгү унааны алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5нен 6-июнга караган түнү Лейлек районунун Раззаков шаарында жасалма номер тагылган автоунаа аныкталган. Ыкчам маалыматтар боюнча, ал коңшу мамлекеттин аймагынан мыйзамсыз айдалып келген.

Унааны өзүн Нарын облусунун прокуратурасынын кызматкеримин деп тааныштырган Лейлек районунун тургуну, КР жараны А.Д.А. башкарып бара жаткан.

Учурда УКМК облустук прокуратура менен биргеликте тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп жатат.