Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2023-жылдын 31-майында Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А. 25 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалышты.

Такталгандай, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А., ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам деп коркутуу жолу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Бул аталган факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылган.

Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.