Коом

Баткенде кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, түшүмдүүлүк гектарына 28 центнерден алынууда.

“Быйылкы жылда облус боюнча 26 миң 786 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген болсо, анын 6093 гектары күздүк эгин, 20 миң 693 гектары жаздык эгин”, — деп белгилешти өкүлчүлүктөн.

Белгилей кетсек, дыйкан фермерлерге жаз алды менен сапаттуу, түшүмдүүлүгү жогору үрөндөр сунушталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button