Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратты. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, № 4 Көк-Жар бир мандаттуу округунда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын чечими жокко чыгарылган. Мунун натыйжасында шайлоо өткөн жок деп табылып, Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылат.

Эл өкүлү бул чечимге макул болбосо 30 күндүн ичинде Жогорку Сотко кайрылууга укуктуу.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп, Көк-Жар округунан Бакиров утуп чыккан. Былтыр ноябрда Өмүрбек Бакиров парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан болчу. Эртеси ЖКнын чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы аны кабинетинен чыгарып салган.

Ал эми декабрда шайлоо учурундагы атаандашы Равшан Рыспаев «добуш сатып алган» деп мурда жабылган ишти кайрадан кароо үчүн Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазган. Ошонун негизинде иш кайра жандандырылган. Саясатчы атаандашы шайлоо учурунда дагы арызданганын, бирок анда үч станцияга чейин жетип, Жогорку Сот акыркы чекитти койгонун билдирген. Бакировдун айтымында, сотто добуш сатып алуу далилденген эмес. Ошонун негизинде БШК мандат берген.