Коом

Туристтик сезондо Оштон Ысык-Көлгө биринчи каттам менен 105 жүргүнчү учуп келди

Бүгүн, 30-июнда «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту биринчи жолу Ош шаарынан 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилинде учуп келген биринчи авиакаттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдарды «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен аткарат. Биринчи катам менен Ош — Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти.

Каттамдар жумасына 6 жолу — шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Каттамдар 31-августка чейин каттайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button