Саясат

Президент: Инвесторго тоскоол болгондор менен өзүм эсептешем!

Президент Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушун баштоо аземинде инвесторлорго кайрылып, мамлекеттин берген кепилдиги менен эч тынчсызданбай, бир гана ушул долбоорду ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам баштоого чакырды.

Өлкө башчы өз сөзүндө 2020-жылга чейин болуп келген терс көрүнүштөргө да токтолгон.

«Учурдагы бийлик сиздердин ишиңиздерге эч кимди кийлигиштирбейт жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздайт. Мамлекеттик органдар болобу, күч түзүмдөрү же терс элементтер болобу, келип болбогон шылтоо таап опузалап, кандайдыр бир иштерине тоскоолдук кылып акча талап кылуусуна биз жол бербейбиз. Ошол эле учурда жергиликтүү бийликтен же эл ичинен мыйзамсыз аракеттер менен тоскоолдук кылбайт деп убада беребиз. Кимде ким тоскоолдук жаратса, аны менен өзүм эсептешем. Инвесторлорго карата андай иштердин чети эле билинсе мыйзамсыз иш аракеттерге баргандар катуу жазаланат», — деди Жапаров.

Президент, мындан тышкары, инвесторлорго сунуш менен кайрылды. Ал өз сөзүндө Кыргызстан учурда үлгү боло турган экологиялык таза шаар курууга умтулуп жатканын, мындан улам гранттык каражат маселесин эл аралык уюмдар менен талкуулоого ачык экенин белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button