Коом

Асман экошаарын курууга дээрлик 40ка жакын инвестор кызыкдар

 Асман экологиялык таза шаарын курууга 38 инвестор кызыкдар. Бул тууралуу аталган шаардын курулушуна капсула салуу аземинде президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күн эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң маанилүү күн болуп калды.

“Долбоор боюнча иш дээрлик 2 жыл жүргүзүлүп, толугу менен президент Садыр Жапаровдун көзөмүлүндө болду. Президент инвесторлор менен жеке жолугушууларды өткөрүп, экошаар долбоорун түзүүгө катышты. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 5 өлкөсүнөн 38 инвестор долбоорго катышарын билдирип, өз долбоорлорун сунуштады. Бирок, биз муну менен эле чектелип калбайбыз, тажрыйбалуу, креативдүү адамдар менен кызматташууга ар дайым даярбыз”, — деди ал.

Ошондой эле Жунушалиев белгилегендей, инвесторлордун негизги талабы Кыргызстанда туруктуулуктун сакталышы болуп саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button