Коом

Лейлекте чек ара чырынан курман болгон жоокердин эстелиги ачылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылында мекенди коргоодо баатырларча курман болгон Жанибек Якубовдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн аппаратынын жетекчиси Алихан Ураимов, Лейлек районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, маркум Якубовдун жакындары, айылдаштары катышты.

Жанибек Якубов КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскердик кызматын аткарып келип, акыркы 6 жылда мамлекеттик чек ара кызматында кызмат өтөп жүргөн.

Ал 2022-жылдын 17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон. 25 жаштагы чек арачынын эрдигин түбөлүккө калтыруу максатында айылдаштары анын эстелигин тургузуу демилгесин көтөргөн.

Демилгени Кең-Талаа айыл аймагынын жетекчилиги колдоого алып, курулушу башталган.

Жанибек Якубов үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button