Саясат

Токаев Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Казакстандын президенти куттуктоосунда Кыргызстан масштабдуу саясий реформаларды жана социалдык-экономикалык кайра курууларды пландык негизде ишке ашыруу менен мамлекеттүүлүктү бекемдөө, жарандардын бакубаттуулугун камсыздоо жана эл аралык кадыр-баркын жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

«Казакстанда азыркы Кыргызстандын ийгиликтери зор шыктануу менен кабыл алынып, достуктун, ынак коңшулаштыктын жана өз ара колдоонун нугунда көп кырдуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жакын элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн бекемделерине ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Кыргызстандын гүлдөп-өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button