Коом

Композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгуловдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маркум менен коштошуу зыйнаты өзү жашаган «Чыгыш- 5» кичи районундагы үйүндө болду.

Коштошуу зыйнатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, КР композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев баштаган белгилүү маданият ишмерлери, Сталбек Бактыгуловдун бир туугандары жана айылдаштары катышышты.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Бактыгулов 1954-жылдын 7-октябрында Чүй районунун Кегети айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Анын №2 симфониясы америкалык дирижёр Чарльз Ансбахер жетектеген академиялык оркестрдин репертуарына кирип, дүйнөлүк музыка сүйүүчүлөргө тартууланып келет. «Күмүш камчы» аттуу бир актылуу балети, «Курманжан датка» балети, отузга жакын симфониялык, вокалдык-симфониялык, камердик-аспаптык, драмалык спектаклдерге жазган музыкасы, киномузыкасы, вокалдык чыгармалары, обондуу ырлары угармандарга белгилүү.

Сталбек Бактыгулов бир катар сыйлыктардын, анын ичинде эл аралык Айтматов сыйлыгынын, «Даңк» медалынын ээси. Таттыбүбү Турсунбаева атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button