Коом

Лейлекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамында милицияга жаңы унаа тапшырылды

Бүгүн, Лейлек районунунда 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белилөөдө Раззаков шаарында, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов жана Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Канымет Осмонбековтордун катышуусунда Лейлек РИИБдин начальниги милициянын майору Кожобек Козубаевке милициянын көчмө кабылдамасынын ачкычы тапшырылды.
   
“Газ 211717” Соболь үлгүсүндөгү милициянын көчмө кабылдамасы Лейлек РИИБне берилип, район аймагынан алыста жашаган жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чечүүгө чоң жардам болот.
ЕККУнун Бишкектеги Прграммалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ИИМне 46 автоунаа, ал эми ИИМ министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековтун демилгеси менен 13 автоунаа өлкө аймагындагы ИИОго милициянын көчмө кабылдамасы катары берилип, калк арасында натыйжалуу жана пайдалуу иштерди аткарууда.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button