Коом

Бишкекте этникалык кыргыздардын башын бириктирген иш-чара өттү

Бишкекте этникалык кыргыздардын башын бириктирген «Бизди бириктирген Манас» аталышындагы маданий иш-чара өттү.

Иш-чараны «Этностан» маданий борбору уюштуруп, ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналды. Маданий иш-чарага Роза Айтматова, эл артисти Саламат Садыкова, маданият министринин жаштар саясаты боюнча орун басары Марат Тагаев, бир катар манасчылар жана кытайлык, тажикстандык, өзбекстандык, түркиялык оогандык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.
Салтанатта манасчылар Асаналы Калил уулу, Замирбек Баялиев, Назаркул Сейдракманов манас айтышты.
Иш-чарада Кытайда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Ооганстанда, Түркияда жашаган этникалык кыргыздардын маданияты жана алардын арасынан чыккан манасчылар тууралуу сөз болду. Кытайлык манасчы Жусуп Мамай тууралуу тасма көрсөтүлдү. “Эсимде”изилдөө аянтчысы, “Акбарак” фонду, “Тилимпоз” уюму дагы сунум кылышты.
Иш-чаранын аягында улуу өнөрдүн улантуучуларын колдоо максатында “Этностан” маданий борбору тарабынан Кыргыз улуттук “Манас” театрына кыл куйрук катары ырымдалып 30000 сомдун сертификаты тапшырылды.
– Эгемендүүлүк күнүнүн урматына арналган иш-чарабызды “Манас” темасында кылдык. Анткени Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө жашаган кыргыздарды бириктирип турган кыргыз маданияты, ал эми маданиятыбыздын маңызы “Манас” болуп саналат. Чакан болсо да эл аралык мүнөздөгү иш-чарабызга беш өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү келип катышты. Этникалык кыргыздар жашаган өлкөлөрдөгү “Манас” айтуу маданиятынын тарыхы эскерилип, азыркысы жана келечеги тууралуу талкуулар болду, – деди иш-чаранын уюштуруучусу, «Этностан» маданий борборунун жетекчиси Каныбек Толкун уулу.
“Этностан” коомдук бирикмеси келээрки жылы акындардын арасында да ушундай иш-чараны өткөрүүнү пландап жатат.
“Этностан” коомдук бирикмеси 2021-жылы негизделген. Бирикменин максаты Кыргызстан менен этникалык кыргыздар ортосунда маданий-гуманитардык байланыштардын түзүлүшүнө көпүрө болуу. Этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу жана жайылтуу. Этностан коомдук бирикмесине Кыргызстан баш болуп, этникалык кыргыздар жашаган Кытай, Түркия, Өзбекстан, Тажикстан жана Ооганстандык кыргыздардын өкүлдөрү кирет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button