КоомСаясат

Видео. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев көк бөрү оюнундагы окуялар боюнча кайрылуу жасады

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев көк бөрү оюнундагы окуялар боюнча коомчулукка кайрылуу жасады. Анда Камчыбек Ташиев «кыргыз эли эч качан бөлүнүүгө жол бербей, бир эл болууга милдеттүү» экенин белгилеп, көк бөрүнүн финалдык беттешиндеги жанжалды баштагандар боюнча тапшырма берилгенин, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирди:

“Урматттуу кыргызстандыктар, бүгүн мамлекетибиздин Эгемендүүлүк күнүн майрамдап, жер-жерлерде чоң мааракелер өтүп жатат. Ошолордун бири Ош шаарындагы  Төлөйкан ипподромундагы окуялар боюнча  кайрылуу айтып кетейин дедим.

Ошол жерде жосунсуз  жоруктар катталды. Кыргызыбыздын Көк-Бөрү оюнунун негизинде өтө көп  адам чогулгандыктан, эки команданын бири-бирине  спорттук  мелдешин чырга айландырышып, ошол жерде  анча-мынча адамдардын  туура эмес кылыктарынан көпчүлүк  адамдар эмоцияга берилип, ачууга, кызуулукка  алдырышып, тополоңго барганга аракет кылышты. Бирок,  айтып коюшум керек,  кыргыз эли ынтымактуу болуп, элибиздин, журтубуздун мамлекетибиздин  тычтыгын сактаганга ар бирибиз милдеттүүбүз.  Бул деген спорт,  оюн. Ким утат, ким утулат  ал ошон үчүн спорт. Бул жаатта бир адам утат, бир адам утулат,  утулганы ачууга алдырбаш керек. Ошондуктан  жакшылап даярданышы керек, утканга да, утулганына да ыраазы болушу керек.  Ал эми ошол жерде жасалган провокаторлордун жасаган иштери боюнча укук коргоо органдарына тапшырманы бердим.  Коопсуздук, укук коргоо органдары  ошол жердеги бардык видеолорду, фактыларды топтошуп,  кимдер ушул окуяны баштаган,  кимдер себепкер болгону такталып, мыйзам чегинде ар бирине чара көрүлөт. Бул ушул боюнча калып кетпейт,” – деди Камчыбек Ташиев.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button