Бир канча убакыт мурун Кыргызстанда бюрократия толугу менен менеджерлерден турган. Бирок жакшы аткаруучулар жетишсиз. Кээ бирлери  текеберлик менен буйрук беришсе, айрымдар президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн иштешет.

Бийликке келгенден кийин Садыр Жапаров радикалдуу иштерди баштады. Ушул сапаты менен ал  мурунку  кесиптеши  Жээнбековго кескин карама-каршы келет.

Массалык пландар жана долбоорлор – кыска мөөнөттө ишке ашырылып баштады.  Мектептердин, бала бакчалардын жана башка социалдык объектилердин курулушу – жада калса жаңы шаардын пайдубалы түптөлдү.

Көптөн күткөн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо жана кошуналар менен мамиле жөнгө салынды. Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброю  чыңдалды. Көптөгөн реформалар болду.

Кадр саясатында бир сыйра башамаламандык орун алды. Эми гана  дайындалып, ал  өз тармагынын мыкты адиси катары тааныштырылса, бат эле  башка таланттуу иштин көзүн билген  адиске алмаштырылды.   Эл жаңы министрдин атын эстегенге үлгүрбөй жатса – анын ордуна башка министр келген учурлар болду.

Аткаминерлер  мурунку адатынча эле иштеп жатат.

А бирок эми мындай  болбойт.

Ушул жылдын февраль айында Каныбек  Иманалиевдин  билим берүү министри болуп дайындалышы жумшак айтканда көпчүлүктү таң калтырды. Иманалиев президент менен пикир келишпестиктер болуп, аны катуу сындап, күтүүсүздөн ушундай позицияга ээ болду. Баары жөнөкөй эле түшүндүрүлөт: Жапаров өзүнөн мурунку кесиптештеринен   айырмаланып, «өзүнүн» адамдарын  кызматка койбойт. Жооптуу мамлекеттик кызматтарга өзү чындап татыктуу деп эсептеген адамдарды дайындайт.

Иманалиев министр катары ишин жакшы баштады. Кимдир бирөөнүн эсинде болсо, таланттуу балдар үчүн президенттик лицейин  ачуу идеясын  Иманалиев  көтөрүп чыккан – анан ал  ийгиликтүү ишке ашырылган. Кийин дагы бир нече идеяларды  сунуштады. Мисалы, мектеп директорлоруна сынак жана кадрлар менен байланышкан көйгөйлөр (булар маселелер министрликтин иши эмес деп, мектеп администрациясына тапшырган). Анын аягы  мектептер 2023-24-окуу жылына кадрлар жагынан да, ремонттолгон класстык бөлмөлөр боюнча да, окуу китептери жагынан да даяр эмес болуп чыкты.

Министр Иманалиев «милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн» деген президенттин   жарлыгы  менен кызматынан кетти.

Ал эми буга чейин министр болуп жүрүп, профессорлор Акрамов, Исманкулов менен урушуп, аконит менен дарыланууга чакырган   Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан Саламаттыкты сактоо министринин кызматына келди. Маалым болгондой, буга чейин ага карата козголгон жети кылмыш иши жабылып, Саламаттыкты сактоо министрлигин кайра жетектөөгө эч нерсе тоскоолдук болбоду. Кыязы, президент ага экинчи мүмкүнчүлүк берди, «жасалма» медициналык университеттерди жана шектүү жеке лабораторияларды жабуу түрүндөгү алгачкы реформаларды аягына чыгарууга уруксат берүүнү чечти окшойт (Бейшеналиев бул  багытта өзүн көрсөттү ).

Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан азыр: жигердүү, процесстин бардык майда-чүйдөсүнө чейин изилдеген аткаминерлерге муктаж. Андай кызматкер, мисалы, Камчыбек Ташиев. Же президенттин иш башкаруучусу  Каныбек Туманбаев.

Кыргыз-тажик жаңжалында жапа чеккен Баткен шаарынын тургундарына үй куруу боюнча президенттин жарлыгы чыкты, демек муну кантип сапаттуу жана тезирээк бүтүрүү керектигин тез арада чечүү зарыл болчу. Көптөгөн курулуш компаниялары коопсуздукка байланыштуу иштен баш тартышты, же бааларды дээрлик эки эсеге көтөрүштү. Туманбаев мамлекетке бир топ акчаны үнөмдөп (сапаттуу) бир үй курууга канча каражат кетерин жеке өзү эсептеп чыккан. Ал эми курулушту жеке өзү көзөмөлдөгөн.

Айта кетсек, 2020-жылы Туманбаев Сооронбай Жээнбеков менен байланышы бар «Биримдик» партиясынан депутаттыкка ат салышкан. Садыр  Жапаров  бийликке келиши менен Каныбек Туманбаевдын  чоң саясатка аттанган жолун  тосушу керек эле…

Жапаровдун феномени мына ушундай: ал мурдагы душмандардын арасында  пикирлеш адамдарды издейт. Сыноо жана жаңылыштык менен  ал өлкөнү реформалоо жана кайра куруу маселелеринде таяна турган адамдарды издеп келет.

Булак: vb.kg