Коом

Сүлүктү шаарынын 155 жылдыгы өтүп, шаарда бир бала бакча менен эки ишкана ачылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын 155 жылдык мааракеси белгиленди.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы бул күнгө карата калаада чакан ишканалар ачылып, дагы бир катар мекемелердин курулушуна капсула салынганын билдирди.
 
“Бакай” өндүрүштүк комплексиндеги кап иштеп чыгаруучу завод пайдаланууга берилген. Жеке ишкер ага 30 миллион сомдук жабдыктарды орноткон. Мында 75 жумушчу иштеп, күнүнө 30 миң даанадан кем эмес кап чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ишкананын ачылуусуна Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду колдоо көрсөткөн.
Аны менен катар шаарда жаңы тигүү цехи пайда болду. Буга жеке ишкер 60 миң доллар сарптап, 60 жумуш орунун түзгөн.
Мындан сырткары, Сүлүктүдө Баткен мамлекеттик университетинин базасында 100 орунга ылайыкташкан балдар бакчасы да ачылган.
Аны менен катар жергиликтүү бийликтин башчылары Сүлүктү райондукэлектр тармактарынын имаратынын курулушуна капсула салышкан. Долбоордун сметалык баасы 35 миллион сомду түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button