КоомМаданият

Тил күнүндө театрга «Кыл куйрук» тартууланды

Мамлекеттик тил күнүнүн урматына 23-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында маданий кече өттү. Аны Кыргыз улуттук «Манас» театры уюштуруп, кызматкерлери өнөрлөрүн тартуулашты. Күпүлдөтө Манас айтылып, дастан-баяндар менен коштолду. Ал эми акындар кыргыз тилин даңктап кызыктуу айтыш уюштурушту. Кадырлуу коноктордун катарында салтанатка «Этностан» маданий борборунун өкүлдөрү дагы катышты. Иш-чарада улуу өнөрдүн улантуучуларын колдоо максатында “Этностан” маданий борбору тарабынан Кыргыз улуттук “Манас” театрына кыл куйрук катары ырымдалып 30000 сом тапшырылды.

 

«Былтыр Баткенде баатырлардын урааны болгон тилибиз, быйыл майрамда акындардын куралы болуп турат. Ошол оор күндөрдө кандаштарды кайрымдуулукка чакырып, “Ар бир кыргыз жакыным” аталышындагы иш чараны уюштурганбыз. Демилгенин алкагында этникалык кыргыздардан Баткен элине 2 миллион сом тегерегинде акчалай жардам көрсөтүлгөн эле. Ал эми быйыл эгемендик күнүнүн урматына “Бизди бириктирген Манас” аталышындагы маданий кече уюштуруп, ага «Манас» театрынын өнөрпоздорун дагы чакырып, кыл куйрук иретинде этникалык кыргыздардын атынан 30 миң сомдун сертификатын тапшырганбыз. Кандаштардын ошол аманатын эл алдында тапшырып коёлу», — деди «Этностан» маданий борборунун жетекчиси Каныбек Толкун уулу.
Ошондой эле жалпы кыргыз элин мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тилин сүйүүгө жана татыктуу колдонууга чакырды.

«Этностан» коомдук бирикмеси 2021-жылы негизделген. Бирикменин максаты Кыргызстан менен этникалык кыргыздар ортосунда маданий-гуманитардык байланыштарга көпүрө болуу. Этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу жана жайылтуу. «Этностан» коомдук бирикмесине Кыргызстан баш болуп, Кытай, Түркия, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстандагы этникалык кыргыздардын өкүлдөрү кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button