АдабиятМаданият

Кыргыз улуттук университетинде Молдо Ниязга арналган республикалык маанидеги конференция өттү

Бүгүн, 29-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата “Көп кырдуу көсөм” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

 

  

 

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ЖКнын экс-төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, Президентин кеңешчиси, белгилүү укукчу журналист Нышанбек Кочкоров, КР Улуттук жазуучулар кошунунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Улуттук илимдер академиясынын академиги Сыртбай Мусаев, баяндама жасаган окумуштуулар, аталган окуу жайдын жетекчилиги жана студенттери катышты.

Мамлекеттик катчы С. Касмамбетов Молдо Нияздын 19-кылымда эле көп тил билгендигине токтолуп, идеологиялык иш-чараларды көбөйтүү зарылдыгын айтты. Конференцияда Молдо Нияздын чыгармачылыгы, санаттарындагы сөз маанилери, акынга тиешелүү архивдик жаңы материалдар, ырларынын мазмундары боюнча кеңири баяндамалар жасалды.

 

Иш-чара “Жаш толкундар” адабий ийриминин мүчөлөрүнүн Молдо Нияздын ырларын көркөм окуу менен жыйынтыкталды.

Эске салсак, быйыл Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата иш-чаралар облус аймактарында, жогорку окуу жайларда, түрк тилдүү өлкөлөрдө белгиленүүдө.

Акын тууралуу 5 китеп жарык көрүп, атайын көркөм даректүү тасма да тартылды. Фильм негизги 200 жылдыкты белгилөөнүн алдынан телеканалдардан көрсөтүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button