Коом

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – кылым долбоору

Бул долбоор көп жылдан бери ишке ашпай келген, ага бир нече ички жана тышкы себептер болгон. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен, мамлекетибиз туңгуюктан чыгат.

Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын базарларына жол ачылат. Темир жолдун курулушу Каспий деңизине чыгууну камсыздап, транзиттик жолго айланат. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп, иштей баштаса мамлекетке жылына кеминде 200 миллион доллар киреше алып келери болжолдонууда.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча жумуш аяктады. Учурда үч мамлекет биргелешкен темир жолду куруунун каржылоосу каралууда.

Учурда Советтер союзунан калган 424 чакырым темир жолу бар. Мамлекет эгемендик алган жылдардан бери 1 метр дагы темир жолун курган эмес.

Биринчи болуп, 2022-жылы Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече багытындагы темир жолунун курулушуна президент Садыр Жапаров старт берди. Өткөн жылы 5 чакырым жол салынып, бул жылы 15 чакырым темир жолунун курулушу бүткөрүлөт. Жалпы 20 чакырым. Кара-Кечеден ары темир жолу Макмалга жетип, Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн туташтырат. Андан ары Жалал-Абад аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолуна кошулат.

Ошондой эле, “Кыргыз темир жолу” ишканасы көп ийгиликтерге жетишти. Мурда ири киреше тапканына карабай, карызга батып келген ишкана, 2021-жылдан тарта өнүгүп баштады.

— 100 даана жүк ташуучу вагондорду сатып алды.
— Мурункудан бери келген карыздарын жапты.
— 20 чакырым аралыктагы жыгач шпалдар, эски рельстердин ордун – жаңы темир-бетон шпалдарга алмаштырып, жаңы рельстерди койду.
— Ишкана өзүнүн күчү менен люкс вагондорду жасады.

Темир жол тармагындагы дагы бир ийгилик – буга чейин темир-бетон шпалдарды башка өлкөлөрдөн сатып алсак, мындан ары Кыргызстан өзү чыгарып баштады. Чүй облусунда темир-бетон чыгарган завод ишке кирип, андан чыккан шпалдар Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече жолунун курулушуна колдонулуп жатат. Баасы сырттан сатып алганга салыштырмалуу эки эсе арзан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button