Коом
10-октябрга карата аба ырайы
10-октябрь, шейшембиде, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21…+26, Талас аймагында +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27 градуска чейин көтөрүлсө, Ысык-Көлдө +16…+21, Нарын жергесинде +17…+22 градуска чейин жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градус болору болжолдонду.