Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 5-октябрында КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы Комсомольское айылынын жанындагы «Манас аэропорту – Бишкек» унаа жолунда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кыргыз Республикасынын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну жана Токмок шаарынын тургуну 1979-жылы туулган Ю.У.Э. кармалды, унаасынан жалпы салмагы 415 граммды түзгөн “Альфа-PVP” аталышындагы синтетикалык баңги заты, ошондой эле жалпы салмагы 114 граммды түзгөн «Мефедрон» банги заты табылып, алынган.

Кармалган Ю.У.Э. КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.