«Күрмөнтүцемент» ААКсынын 93,17% акциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында, УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) боюнча бир катар кылмыш иштерин иликтөөнү улантылууда.

Тергөөдө, К.Асанбек жасалма жана жеке компаниялар аркылуу, Ысык-Көл облусундагы эң ири өндүрүш ишканасынын – мурда жогорку сорттогу цемент чыгарган – Күрмөнтү цемент заводунун ишин көзөмөлгө алгандыгы аныкталды. «Күрмөнтүцемент» ААКны мындан ары төмөндөтүлгөн рыноктук баада жеке менчикке өткөрүү максатында, К.Асанбек (Көлбаев) тарабынан адамдар өндүрүштүк ишкананын банкрот болушуна жасалма шарттарды түзүшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ишканада өндүрүштү жандандыруу максатында, (6,83% акция цемент заводунун кызматкерлеринин ичинен жеке адамдарга таандык), «Күрмөнтүцемент» ААКсынын 93,17% акциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлдү.