Ички иштер органдары тарабынан борбор калаанын аймагында жардыруучу зат табылгандыгы тууралуу дагы бир иээт бирдирүү жасаган жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

2023-жылдын 26-октябрь күнү саат 11:59 социалдык тармактардагы баракчалардын бирине соода борборунун кызматкерлерине кайрылуу менен «Айчүрөк» соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн. Билдирүү ошол эле соода борборунун кызматкерлерине келген.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Текшерүүнүн алдында бардык жарандар имараттын бардык бөлмөлөрүнөн өз убагында эвакуацияланган. Белгилей кетчү нерсе, жардыруучу зат коркунучу тууралуу ар бир чакыруу, коркунуч чынбы же жалганбы, реалдуу коркунуч катары кабыл алынат.
Ар бир жардыруучу зат тууралуу чалуулар же бидирүүлөр , жалган же тастыкталганына карабастан, ал коркунуч катары каралат.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде ИИМдин жана Бишкек ШИИББнын кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын жарандыгын алган, Бишкек шаарында жашаган Г.А. атуу жаран кармалган. Маалым болгондой, ал соода борборлорунун биринде, коомдук тамактануучу ишканада иштейт.
Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жаран социалдык тармактарда фейк аккаунт ачып, ал жерден жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн.
Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террордук мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы