2023-жылдын 25-октябрь күнү саат 02.15тер чамасында, Кызыл-Кыя ШИИБдин 102 номерине Кызыл-Кыя шаарындагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндө ызы-чуу болуп, белгисиз жаран ок атуучу курал менен белгисиз жаранды атып салгандыгын билдирген кабар келип түшөт.

Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы ыкчам-тергөө тобу менен барып, төмөнкүлөрдү аныктаган:
Аталган жайда Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы Л.Ш. аттуу жараны менен Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын 27 жаштагы И.У. аттуу тургуну экөө өз ара пикир келишпестиктен улам, ызы-чуу чыгып, натыйжада 27жаштагы И.У.өзү менен алып жүргөн белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен 32жаштагы Л.Шнын ичине атып жиберип окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги маалым болгон. Ал эми Л.Ш. Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.

Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 27 жаштагы И.Унун жүргөн жерин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.