КоомКылмыш-кырсыкСаясат

УКМК коррупция жана кылмыштуу чабуулдарга каршы туруу боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн 18-ноябрда УКМКнын  Чүй облусунун Панфилов районундагы кеңсесинде КР УКМКнын жетекчилигинин катышуусунда жыйын болуп өттү.  Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын сүйлөгөн сөзүнүн контекстинде ведомствонун алдында турган жакынкы келечектеги артыкчылыктуу милдеттер каралды.

Атап айтканда, өлкөдө коррупцияга каршы күрөштү мындан ары күчөтүү жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө шарт түзгөн факторлорду жана шарттарды чечкиндүү жоюу, айрым абийирсиз саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлердин уюшкан кылмыштуулуктун өкүлдөрү менен байланышына бөгөт коюу боюнча УКМКнын ишин күчөтүү маселеси каралды.

Өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты камсыз кылуу жана жеке ишкерлердин кызыкчылыктарын кылмыштуу чабуулдардан коргоо боюнча кызматкерлерге тапшырмалар берилди. Ошондой эле баңги синдикаттарынын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүүнү күчөтүү жана алардын уюктарын зыянсыздандыруу милдети коюлду.

Өлкөдөгү диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана динге ишенгендерди тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдардын ишмердүүлүгүнө тартууну алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды. Андан сырткары  прокуратура жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча өзүнчө тапшырма берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button