Кылмыш-кырсык

УКМК: Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды. Видео

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле трансулуттук кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан ишинин алкагында 2023-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарынын аймагында Өзбекстан Республикасынын Сурхандарыя облусунун 1997-жылы туулган А.С.Ш. аттуу жараны кармалган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.С.Ш. кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстан Республикасынын аймагында зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, А.С.Ш. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Маалыматтарга ылайык, А.С.Ш. жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Учурда кармалган А.С.Ш. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстан Республикасына чыгарылды.

УКМК Басма сөз борбору. Тел.: 661455

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button