Кылмыш-кырсык

ИИМ: Опузалап талап кылууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды 

ИИМдин КИББдин Үчүнчү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча кызматкерлери 500 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.К. кармашты.
Кармалган жаран физикалык күч колдоном деп коркутуу жолу менен Ноокат районунун жашоочусуна 500 миң сом акча каражатын берүүнү милдеттендирип койгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен козголгон.
 Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КИББдин Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жаран И.К.ны 166 миң сомду алган жеринен кармашкан.
  Кармалган жаран ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат жана 2028-жылы каракчылык фактысы боюнча  соттолгон.
  Ал Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button