КеңешКоом

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны өстү

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 46-жумасында (13.11-19.11.23) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын 4665 учуру жана клиникалык аныкталган сасык тумоонун 1 учуру катталган.

Бардык оорулардын 64,2%ы 14 жашка чейинки балдар — 2869 учур.

Ошондой эле отчеттук жумада COVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды.

Аба ырайынын муздашы менен сасык тумоодон башка да вирустук инфекциялар, мисалы, парагрипп, аденовирустар, респиратордук синтициалдык вирус, риновирус жана башкалар көбөйдү.

КРВИ жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу 2 типте жүргүзүлөт — спецификалык, б.а. эмдөө жана спецификалык эмес.

Алдыдагы иш-чаралардын комплексин күчөтүү жана келе жаткан эпидемиялык мезгилде калк арасында ооруну турукташтыруу максатында Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоонун алдын алуу үчүн сасык тумоого каршы «Гриппол плюс» вакцинасынын 90 666 дозасын сатып алган.

Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан тобокел тобундагы 87 110 жаран сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Бишкек шаарынан башка бардык аймактарда элди сасык тумоого каршы эмдөө иштери аяктады.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарында эмдөө 7 жеке менчик медициналык борбордо (МК Малыш, Кроха, 312 поликлиника, МК «KG», ЦАДМИР, Интермедикал, Авиценна) акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлүүдө.

КРВИ сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керек, мисалы:

  • беткап кийүү режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
  • дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду бет аарчы менен жабуу жана андан кийин аларды туура жокко чыгаруу;
  • санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.).
  • эгерде балада ОРВИ белгилери пайда болсо, ал айыкмайынча баланы мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылыңыз;
  • окуу, иштөө жана эс алуу режимин сактоо, таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүү, жетиштүү уктап, туура тамактануу;
  • эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.

Республикада сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жана баалоо улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button