КеңешКоом

ИИМ: Балдарга карата кол тийбестик боюнча ата-энелер үчүн эскертме

Бул эскертме сизге арналган, анткени, Сиз балдар жана өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун жана жыныстык кол тийбестигине кол салууларды алдын алууга жардам бере турган балаңызга эң жакын адамсыз.
Эмне үчүн балдар кылмыштын курмандыгы болуп калышат? Анткени балдар ишенчээк жана бейкапар болушат! Ал эми кылмышкер каалаган баланын тилин таап алат.

Зордук-зомбулуктан качууга болот, бирок бул үчүн төмөнкүлөр керек:
-балага көчөдө же үйдө жалгыз калганда жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүү;
-эгерде балага жанындагы адам кичине болсо да шек жаратса, же бир нерсе аны тынчсыздандырса, андан алыстап же токтоп, ал адамды алдыга өткөрүп жибергени оң;
-балаңызга сиз өз тажрыйбасын бөлүшө тургандай дос болуу;
-балаңыз айтып берген достору жана туугандары тарабынан ага карата жасалган зордук-зомбулук окуясына олуттуу мамиле кылуу;
-балаңыздын достору жана алардын ата-энелери менен мамиле куруу;
-балаңызды көчөгө жалгыз чыгарбаңыз (бала достору менен сейилдегенде кылмыш жасоо мүмкүнчүлүгү азаят);
-сексуалдык жана зордук-зомбулук көрүнүштөрү бар тасмаларды көрүүнү жана балаңыздын интернет тармагы аркылуу педофил менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн балаңыз сыналгыдан кандай программаларды көрөрүн, интернеттеги кайсы сайттарга көп кирерин билиңиз;
-балаңыздын интернетте өткөргөн убактысын сөзсүз көзөмөлгө алыңыз жана балаңыз интернетте ким менен байланышып жатканын билиңиз.
-Коопсуздук эрежелерин сактоо менен балаңыз туш болгон коркунучтан сактанып, оор кырдаалда туура чечим кабыл алат.
Урматтуу ата-энелер, сиз “болбойт” деген беш эрежени балдарыңыз сөзсүз билишиңиз керек:
-көчөдө бейтааныш адамдар менен сүйлөшкөнгө жана аларды үйүңө киргизгенге болбойт;
-алар менен подъездге же лифтке чогуу кирүүгө болбойт;
-чоочун машинага түшкөнгө болбойт;
-бейтааныш адамдардан белек албоо же алар менен үйүнө же башка жакка баруу сунушуна макул болбоо;
-айрыкча караңгы киргенден кийин сыртта жалгыз калбаңыз.
Урматтуу жаран, эгерде сиз укук бузууга же кылмышка күбө болсоңуз, өтүп кетпеңиз, жардам бериңиз, милициянын 102 кызматына чалыңыз, 111 балдардын ишеним телефону, сиздерге тез арада жардам көрсөтүлөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button