Коом

Ташиев: Кыргызстанда 1-декабрдан тарта интимдик кызмат көрсөткөн жайлар болбошу керек

Кыргызстанда 1-декабрдан тарта интимдик кызмат көрсөткөн жайлар болбошу керек. Мындай тапшырманы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинини төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берди.

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берүү аземинде сөз сүйлөгөн Ташиев, жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарыл экендигин белгиледи.

«Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча мындай мекемелердин ишин токтотуу тапшырмасы берилди. Эгерде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине аталган мекемелердин мындан аркы иши тууралуу маалымат келип түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан четтетилет.», — деди Ташиев.

Эске салсак, буга чейин УКМК Бишкек шаарында жана Чүй облусунда интимдик кызмат көрсөтүлгөн ондон ашык жайды жапкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button