Коом

Бактияр Алиев: “Эгер 1 миң болсо, 70 сом кошулат” 

Келерки жылы Соцфонд пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында аталган фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Бактияр Алиевге депутат Сүйүнбек Өмүрзаков суроо узатып пайыз менен эмес, сом менен айтканда пенсия канчага көтөрүлөрүн сурады.

“Эгер 1 миң болсо, 70 сом кошулат”, — деди Алиев.

Алиевдин сөзүнө таянып жыйынтык чыгарсак, 1 миң сом пенсия алгандарга 70, 5 миң сом алгандарга 350 жана 10 миң сом алгандарга 700 сом акча кошууну пландалып жатат. Бирок бул алдын ала гана эсептөөлөр. Алиев пенсия 7%дан да көбүрөөк көтөрүлөт деп ишендирүүдө.
Алиевдин жообунан кийин депутат Өмүрзаков «70 сом эле кошосуңарбы» деп сурады.

“Жок, бул бюджетке алдын ала киргизилип жатат. Кийинки жылы тактоо менен келебиз. Мисалы былтыр 2023-жылы пенсияны 8%га көтөрөбүз деп киргизгенбиз. Бирок мүмкүнчүлүгүбүз пайда болуп, камсыздандыруу төгүмдөрү көбүрөөк түшүп, 8%га эмес, пенсияны 38%га көтөрдүк. Азыр да алдын ала 7% деп киргизип жатабыз. Камсыздандыруу төгүмдөрү көбүрөөк түшсө, көбүрөөк кошулат”, — деди Алиев

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button