КоомКылмыш-кырсык

ИИМ: Мамлекеттик бала бакчанын жетекчиси милиция кызматкерине пара берип кармалды

ИИМдин Тергөө кызматы кызмат адамына пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Финансы министрлигинин аудит кызматынын кызматкери менен биргеликте билим берүү тутумундагы коррупциялык схемаларды, анын ичинде мектепке чейинки балдар мекемелериндеги ата-энелердин төлөмдөрүнүн жогорулатылган фактыларын аныктоо максатында текшерүүнү жүргүзүшүүдө.


Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун аймагында жайгашкан “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларында (мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдары болуп саналат) мыйзам бузуулар аныкталган.
Бир нече эскертүүлөргө карабастан, акча каражаттарын чогултуу фактылары катталууда. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарында.
Текшерүү учурунда “Достук” бала бакчасынын жетекчиси маселени оң жагынан чечүү жана текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кыла баштаган. 2023-жылдын 29-ноябрь күнү ИИМдин КИББдин имаратында 4-башкармалыктын ыкчам кызматкерине 120 000 сом өлчөмүндө пара берүү учурунда жогорудагы бала бакчанын жетекчиси А.О. кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип жатат. Кызмат адамына пара берүүгө шектүү жаран кармалды.
Мындай фактылар болгон учурда жарандар ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгына кайрылуулары зарыл. Коррупциялык көрүнүштөрдүн ар кандай формалары менен күрөшүүдө көп нерсе коомчулуктун активдүү катышуусунан, жарандардын ар кандай коррупциялык кыянатчылыктарга активдүү каршы туруусунан көз каранды. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлерине кылмыштын бул түрүн аныктоого жана бөгөт коюуга көмөк көрсөтүүгө даяр болушу керек.
Учурда ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгы мамлекеттик түзүмдөрдө коррупциялык укук бузууларды аныктоо, кызматтык кылмыштардын бетин ачуу боюнча активдүү иш алып барууда. Кыйла резонанстуу кылмыштар, коррупциялык багыттагы фактылар аныкталса, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылып турат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button