Саясат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Дубайга келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

 

Мамлекет башчысынын борту «Аль-Мактум» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button