Коом
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасында контрабанда кайра жанданды
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларында контрабанда кайра жандангандыктан бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери аны токтотуу үчүн иш-чараларды күчөтүшү зарыл. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатканда айтты.
«Ташиев республикадагы кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын кошумчалады. Буга байланыштуу мамлекеттик бийликтин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган комплекстүү иш-чараларды күчөтүүнү айтты», — деп билдирди маалымат кызматы.
Ал улуттук коопсуздук органдарынын дагы бир приоритеттүү милдети коррупциялык иштерге активдүү катыштыгы бар фемида өкүлдөрүнө жана сот системасынын өзүндөгү паракорчулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүү зарылдыгын белгилеген.