Спорт

Кыргызстандык боксчу Амантур Жумаев дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев юниорлор арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу КРнын Бокс боюнча федерациясы билдирет.

Биринчилик Армениянын Ереван шаарында өтүүдө.

Спортчу 52 кг чейинки салмакта катышып, финалдык беттеште армениялык атаандашын утуп алган.

Бокс боюнча юниорлор арасындагы биринчилик 24-ноябрда башталган, 4-декабрда аяктайт.

Белгилей кетсек, жаш боксчу Амантур Жумаев буга чейин Казакстандын Астана шаарында өткөн биринчиликте (U-16) алтын медалга ээ болуп, Азия чемпиону аталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button