Коом

Өлкөдөгү тез жардам унаалары гранттык каражаттарга сатып алынат

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров гранттык жардамдын эсебинен Кыргызстанды тез жардам унаалары менен толук камсыздоо пландалып жатканын билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстан бул үчүн 3 млн доллар грант алды.

“Саламаттыкты сактоо министрлигине 107 тез жардам унаа берилди. Эми өлкөнү тез жардам унаалары менен толук камсыз кылуу үчүн 300 унаа керектелет. Биз дагы 3 млн доллар гранттык каражат алгыбыз келет. Демек, бюджетке оорчулук келтирбей, аларды сатып алабыз”, — деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button