2023-жылдын 25-декабрында Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) тарабынан кыргыз элинин залкар жазуучусу, дипломат, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган “Мен түрк элинин уулумун” аталыштагы маарекелик жыйын өттү.


Иш-чарага ТүркПАнын Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр, Кыргызстандын Азербайжан Республикасындагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова, Түрк мамлекеттеринин уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Хасан Хасанов, окумуштуулар, маданият ишмерлери жана айтматов таануучулар катышты.
ТүркПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр залкар калемгердин жазган чыгармаларындагы идеялар жана гениалдуу ойлор дүйнө жүзүндөгү миллиондогон окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапканына токтолду.
Муну менен катар эмгектери дүйнөнүн 170тен ашуун тилине которулганын, ал дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучулардын бири экенин баса белгилеп: «Айтматов – дүйнөлүк алкактагын феномен. Ал өзү айткандай түрк элинин уулу, көөнөрбөс маданияттын жаркын үлгүсү”, — деди.

Салтанаттуу жыйынга катышкан Чыңгыз Айтматовдун эң жакын калемдештери, курдаштары, замандаштары, окумуштуулар жана дипломаттар залкар жазуучунун дүйнөлүк адабияттагы орду, анын чыгармаларында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн актуалдуулугу, жазуучунун түрк маданиятына, адабиятына, руханий баалуулуктарына кошкон салымы тууралуу пикирлерин билдиришти.
Ошондой эле чыгармачылыктагы байланыштары тууралуу айтып беришти.
Мындан сырткары келгендерге залкар жазуучунун 95 жылдык мааракесине арналган сүрөттөрдүн, китептердин көргөзмөсү өттү.


Маарекенин соңунда Чынгыз Айтматовду “Саманчынын жолу” повестиндеги “Толгонайдын монологу” азербайжан тилинде “Аnа tаrlа” деген аталышта театр актерлору тарабынан сахналаштырылды.