Бишкекте ТҮРКСОЙ уюму тарабынан чыгарылган кыргыз акын-жазуучуларынын түрк тилиндеги китептеринин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Китептердин баары Анкара шаарынан басылып чыккан.

Түрк тилинде жарык көргөн китептер классик жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, акындар Молдо Нияз, Жолон Мамытов тууралуу эмгектерден сырткары, азыркы заманбап калемгерлерден: жазуучу Топчугул Шайдуллаеванын “Эки эшиктүү үй”, акын ⁠Бурулкан Сарыгулованын “Жолдогу ойлор”, ⁠Атантай Акбаровдун “Энелер бейиштин мекени”, ⁠Абдилат Дооровдун “Эмнегедир теше тиктейм алысты” аталашындагы эмгектери бар.

Китептердин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүп, ага ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, китептери жарык көргөн авторлор, акын-жазуучулар жана белгилүү коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө айрым жаш калемгерлерге жана маданият ишмерлерине мыкты аңгемеси үчүн ТҮРКСОЙ уюмунун кызыктыруучу сыйлыктары тапшырылды.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму азербайжан, казак, өзбек, түрк, түркмөн, мажар адабияты, дүйнөнүн ар кайсы тармагында жашаган түрк тилдүү элдердин руханий баалуулуктарын иликтеген эмгектерди жарыялап келет. Жакында эле Иракта жашаган ирак түркмөндөрүнүн балдарына арнап 30 миң нускадагы китеп чыгарылды