Улуу акын, философ Барпы Алыкуловдун маараке жылы быйыл жалпы түрк дүйнөсүндө белгиленет. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.
Чечим Шушада (Азербайжан) өткөн уюмдун туруктуу кеңешинде кабыл алынган.
«Атактуу Барпы акындын бай мурасы түрк дүйнөсүнө таанытылат», – деди Раев.
ТҮРКСОЙ Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгынын алкагында чыгармаларын бир нече тилге которууну, китептерин басып чыгарууну, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү, эл аралык айтыш фестивалын, ашыктык ырларынын конкурсун жана башка иш-чараларды уюштурууну пландаган.