Коом

Нурланбек Шакиев зилзалага байланыштуу япониялык кесиптештерине көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын Парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын Төрагасы Фукусиро Нукагага жана Кеңешчилер палатасынын Төрагасы Оцудзи Хидэхисага аталган өлкөдө катталган жер титирөөдөн улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда мындай деп айтылат:

“Жапония мамлекетинде катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан Сиздерге, каза болгон маркумдардын жакындарына жана жалпы жапон элине көңүл айтып, табигый кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button