КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Мамлекетке келтирилген 7 миллион сом зыяндын орду толтурулду

УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин фактылары аныкталды.

Келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында козголгон кылмыш ишинин алкагында, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Өндүрүштүк-инновациялык борбордун адистерин тартуу менен аудит белгиленген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 миллион сом зыян келтирилип, учурда анын орду толук толтурулду.
Муну менен катар, Талас облусунун аймагындагы автожолдун курулушуна багытталган бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.
КР УКМК жарандарды мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу 0312-66-04-75 телефон аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button