Жакында бөбөктөргө арналган кыргыз тилиндеги “Амантай менен Айтуяк” аттуу мультфильм жарык көрөт.

Анимациялык тасманы “Кыргызфильм” киностудиясы менен “Карек балдар киносунун фонду” биргеликте тартып жатканын фонддун директору Толкун Дайырбекова соцтармактагы баракчасына жарыялады.

“Учурда тартуу иштери кызуу жүрүп жатат. Буюрса, Амантай менен Айтуяк сүйкүмдүү персонаждар болду”, — деген Дайырбекова.