Коом

Кыргызстандык 13 дарыгер Түркияда органды алмаштыруу боюнча бекер окуудан өтөт

Кыргызстандык адистер Түркиянын Инөнү университетинде органдарды трансплантациялоо боюнча бекер окуудан өтүшөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуу Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашууда.

Ошентип, бүгүн, 24-январда Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ боорду трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билимди жана практикалык тажрыйбаны алуу боюнча стажировкадан өтүү үчүн үч айлык мөөнөткө Түркияга жөнөтүлдү.

«13 адистен турган дарыгерлер тобунда хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар бар. Биздин адистер Түркиянын Инөнү университетинде бекер окуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушат», — деп айтылат маалыматта.

Бир күн мурун бул адистер менен академик Мамбет Мамакеев жолугуп, алардын жоопкерчилиги чоң экенин баса белгилеп, ийгиликтерди каалады.

«Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясын ийгиликтүү өткөрүү көптөн бери пландалып келет. Мен кыргызстандык хирургдардын боорду трансплантациялоо боюнча ийгиликтүү иштерин көрүүгө үмүтүм чоң», — деди Мамакеев.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январында министр Алымкадыр Бейшеналиев клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш мыкты мекеменин бири болгон Түркиянын Инөнү университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Инөнү университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган эле.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button