Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде “Руханий мурас – Мезгил байланышы” аттуу концерт болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгын белгилөөнүн алкагында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин көмөгү менен уюштурулду.

Иш-чарада музыкант, мультиинструменталист, композитор, КР Эл артисти Н.Нышановдун жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисттери КР Эл артисти Б.Ыбыкеев, КР Эмгек сиңирген артисти З.Райымбекова, КР Эмгек сиңирген артисти А.Момунова, КР Эмгек сиңирген артисти А.Саралаев, КР Эмгек сиңирген артисти Т.Найманбаев жана концертмейстер Н.Токтобекованын өнөрлөрү тартууланды.

Мындан тышкары, «Бугу эне жөнүндө уламыш» аталышында Ч.Т.Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде КР Дизайнерлер союзунун мүчөсү, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Г.Акматованын костюмдарынын коллекциясы көрсөтүлдү.

Концерттин расмий бөлүгүндө элчи Талантбек Кушчубеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Элчи өз сөзүндө Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын быйыл 80 жылдык мааракесин белгилеп жатканын канааттануу менен белгилеп, ошондой эле бул иш-чаранын өзгөчөлүгүн Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин жаңы имаратында биринчилерден болуп концерт өткөрүлүшү, мындай иш-чараларды өткөрүү кабыл алган өлкөлөрдө элдик маданиятты сактоого жана жайылтууга, анын руханий дөөлөттөрүн өсүп келе жаткан муунга жеткирүүгө жакшы өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Иш-чаранын меймандары Венгрияда жашаган мекендештер, ошондой эле маданият ишмерлери жана мажар чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү болушту.

Долбоорду Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Н.Рахмадиева жана «Устатшакирт плюс» коомдук фондунун аткаруучу директору Н.Бараканова уюштурган.