Коом

Борбор Азия Батыштын санкцияларын айланып өтпөйт

Борбор Азия Батыштын санкцияларын буйтап өтө албайт”, — аталышындагы макаланы londonpost.news маалымат булагы жарыялаган. Анда камтылган тексттин өзөгүн өзгөртүүсүз котормосун сунуштайбыз.

Орусия менен Украинанын ортосунда жүрүп жаткан согуш бүткүл дүйнөнү жаңы саясий жана экономикалык реалдуулукка ыңгайлашууга мажбур кылууда. Санкциялар, контрсанкциялар, иштеп жаткан өндүрүш жана жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы айрымдар үчүн олуттуу чакырык, башка мамлекеттер үчүн аман калуу маселеси болуп жатат. Бул кырдаалдан Борбор Азия өлкөлөрү да жапа чегүүдө.

Борбор Азия мамлекеттеринин өз көйгөйлөрү бар: Биринчиден, деңизге чыга албайт, экинчиден Орусия, Кытай, Ооганстан жана Иран сыяктуу өлкөлөр менен курчалган. Алар Европага Каспий деңизи аркылуу гана чыга алат. Анын үстүнө бул мамлекеттер узак убактан бери коңшу Россия менен экономикалык жана маданий жактан тыгыз байланышта болуп келген.

Экономикалык тыгыз байланыштар бул мамлекеттер менен Россиянын ортосундагы сооданын тынымсыз өсүп келе жаткан көлөмүнөн көрүнүп турат. Маселен, 2019-жылдан 2023-жылдын аягына чейин Өзбекстан Россия Федерациясы менен өз ара сооданын көлөмүн эки эсеге көбөйтүп, 10 миллиард долларга жеткирди. Казакстан менен Россиянын ортосундагы тышкы сооданын көлөмү 2019-жылдагы 19,6 миллиард доллардан 2023-жылдын 10 айында 21,3 миллиард долларга өстү. Ушундай эле тенденция Кыргызстанда да байкалган. 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода жүгүртүү 37%га өсүп, 3,4 млрд долларга жетсе, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында товар жүгүртүү 17,4%га өскөн.

Бирок Борбор Азия өлкөлөрү менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн Москвага каршы санкциялык режимди буйтап өтүүнүн натыйжасы менен түшүндүрүүгө болбойт.

Кыргызстан буга чейин соода борбору болгондугун белгилей кетүү керек – бул Кытай товарларын КМШ жана Европанын рынокторуна жеткирүү үчүн эң ыңгайлуу кургактык коридор. Борбордук Азиядагы эки ири базардын – Кыргыз Дордой менен Кара-Суу базарынын айланасында эбегейсиз экономикалык сектор өнүккөн. Бул жагдай акыркы учурда кыргыз бийлигинин баш оорусун жаратууда. КР Премьер-министри А.Жапаров 2023-жылдын март айында базар ээлерин контролдук-кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө киргизүүгө жана ишкерлердин ишмердигинде ачык-айкындуулукту камсыз кылууга тийиш болгон электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы митингдерди уюштуруп жатат деп айыптаган.  Бирок, 2023-жылдын декабрь айында кырдаал кайра курчуп кетти. Аны чечүү үчүн Кыргызстандын Президенти жеке өзү  “Дордой” базарынын соодагерлери менен жолугушту.

Реформанын маңызына, анын ичинде контролдук-кассалык аппараттын жабдыктарын милдеттүү түрдө колдонууга токтолуп, Президент:  «…инновациянын негизги максаты – көмүскө экономикага каршы күрөшүү. Мисалы, Кытайдан бизге келген товардын көлөмү 14 миллиард долларды түзөт. Бирок биздин статистика боюнча бул сумма 4 миллиарддын айланасында. Бул көмүскө экономика бар дегенди билдирет. Баарын дүңүнөн сатышат, салык төлөшпөйт. Кассалык аппаратты киргизүү менен гана өлкөбүздөгү товардын реалдуу агымын биле алабыз”, — деген өз сөзүндө.

Ошентип, көмүскө экономиканын көйгөйлөрүн ачыкка чыгарган Украинадагы согуш Кыргызстандагы ички саясий процесстерди да курчутту. Бул соода мафиясы жараткан көйгөйлөрдү жеңүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Батыш баары сырттан көрүнгөндөй жөнөкөй эмес экенин түшүнөт. Муну АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да тастыктады. Ал белгилегендей, АКШ санкциялардын сакталышын тыкыр көзөмөлдөп турат. «Биз кээде муну сиздин бизнесиңизге зыян келтирбей тургандай кылуу үчүн убакыт талап кылынарын түшүнөбүз», — деди Блинкен.

АКШ Борбордук Азиядагы өнөктөштөрүнө кандай жүктөр шектүү көрүнүшү тууралуу эскертет. Ошентип, аймактагы мамлекеттер санкцияларды айланып өтүп жатканын көрсөткөн фактылар жок. Жеке адамдар тарабынан айтылган фактылар боюнча укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, Кыргызстанда Орусияга учкучсуз учактарды жеткирүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн болгон компанияларга карата иликтөө жүрүп жатат.

Жалпысынан Борбордук Азия өлкөлөрүндө реэкспорт маселеси системалык деңгээлде чечилүүдө. Казакстан да санкцияларды айланып өтүүчү аянтчага айланбай турганын бир нече жолу билдирген. Бирок бул Москванын эң жакын экономикалык өнөктөштөрүнүн бири жана анын союздашы, ЖККУнун энергетикалык блогунан тарта бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзгөн Евразиялык биримдикке чейинки көптөгөн биргелешкен интеграциялык долбоорлорго катышып жатат. Анын үстүнө Казакстан менен Россиянын чек арасы дүйнөдөгү эң узун — 7,5 миң чакырым, бул өз ара мамилелердин тыгыздыгын көрсөтүшү керек.

Мындан тышкары, Астана ар кандай геосаясий кырдаалдарга тез жана туура жооп берип, бардык ири державалар менен өз ара аракеттенүүнү ийгиликтүү тең салмактоодо. Казакстанда муну көп векторлуу саясат деп аташат. Астана Орусияга каршы санкцияларды киргизбейт жана муну түшүнсө болот, бирок аларды айланып өтүү үчүн аянтча болууга да жол бербейт.

Кыргызстандын демилгесин улай, Казакстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тарта электрондук товардык жүк кагазы киргизилген. ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодада электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө каттоо киргизилди. Бул реалдуу убакытта товарлардын кыймылынын бардык чынжырына көз салууга мүмкүндүк берет.

 Өзбекстан Орусияга европалык товарларды реэкспорттоодо санкцияларды сактайт деп ишендирди. Евробиримдик да бул маселени түшүнүү менен кабыл алат.

«Биз Өзбекстандан санкциялардын толук спектрин аткарууну талап кылбайбыз. Бирок биз Россиянын аскердик аракеттери үчүн өзгөчө маанилүү болгон өтө аз сандагы — 45ке жакын продукцияны аныктадык. Жана биз Өзбекстан сыяктуу үчүнчү өлкөлөрдөн бул товарлардын реэкспортуна жол бербөөгө милдеттенебиз”, — деди Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан. Ал Ташкент менен бир жылдан бери активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Негизинен Борбор Азия мамлекеттеринин, өзгөчө Орусия менен тыгыз байланышта болгон мамлекеттердин позициясы так жана алгылыктуу. Эмгек мигранттарынын көп көлөмдө болгону үчүн Тажикистан менен Кыргызстандын Орусия менен тыгыз кызматташуудан чыгуусу кыйын болот.

Душанбе туруксуз Ооганстанга жакын жайгашканын эске алганда, Москванын аскердик мүмкүнчүлүктөрүнөн да көз каранды. Ал тургай убакыт сынагынан өткөн өнөктөштөр Орусиянын азыркы курсуна кандайдыр бир этияттык менен мамиле кылышары айдан ачык.

Ушул жана башка факторлорду эске алуу менен Борбор Азия мамлекеттеринин саясий чөйрөлөрү санкциялык саясатка өтө оор реакция кылып жатат деген жыйынтыкка келүүгө болот. Бирок ошол эле учурда алар муну түшүнүп, контрабанда үчүн арткы эшик болгусу келбейт.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button