Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы футбол ассоциациясынын жетекчиси Айбек Ражаповду кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы алгач аймакта спорттун футбол түрүн өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Ражаповдун айтымында, учурда облуста төрт футбол командасы иш алып барат, анда 7 жаштан баштап, балдар, өспүрүмдөр, жаштардан, чоңдордон турган топтор ойнойт.

Нур-Баткен, Шахтер-Кызыл-Кыя, Металлург-Кадамжай, Исфайрам-Кара-Дөбө командалары түрдүү мелдештерде облустун намысын коргоп келишет.

Өкүл Абдикарим Алимбаев облус аймагында футболду өнүктүрүү аракеттерин активдештирүү, жетиштүү шарт түзүү үстүндө иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жаңыдан түзүлгөн «Лейлек» — Раззаков командасына колдоо көрсөтүү, Сүлүктү шаарына да футбол командасын түзүүнү тапшырды.

Ал эми футболго кызыккан кыздарды колдоо, жер-жерлерде кыздар футболун түзүү, өнүктүрүү боюнча да тапшырмаларды койду.

Жолугушууда алдыда Кызыл-Кыя шаарына эки футбол аянтчасы курулары айтылды. Анын бирөө жасалма чөп менен болсо, экинчиси табигый чөп менен болот. Демилгени жергиликтүү бийлик менен Кыргыз футбол союзу биргеликте ишке ашырат.