Коом

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ташкент шаарында өткөн эл аралык конференцияга катышты

КР акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн “Адам укугун камсыз кылуу – мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү” аталышындагы эл аралык конференцияга катышты.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Жамиля Жаманбаева конференцияда сөз сүйлөп жатып, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу үчүн ар түрдүү өлкөлөрдүн улуттук укук коргоо институттарынын кызматташтыгы маанилүү экенин баса белгиледи.

“КР Акыйкатчы институту жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык башка өлкөлөрдүн Акыйкатчылары менен тажрыйба алмашууда тыгыз иш алып барууга даярбыз”, – деди омбудсмен.

Ошондой эле Кыргызстандын омбудсмени улуттук укук коргоо институттарынын жетекчилери парламент менен биргеликте жарандык коомдун ортосундагы кызматташуунун негизги ролуна көңүл бурду.

“Адам укуктарын камсыздоо коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү. Бир гана бирдиктүү аракет аркылуу биз ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган максатыбызга жете алабыз” – деди акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева 2023-жылы КР Акыйкатчы институту жарандардын укуктарын коргоого жана камсыздоого багытталган 17 мыйзам долбооруна экспертиза жүргүзгөнүн билдирди.

“Жыйынтыгында жогоруда айтылган мыйзам долбоорлоруна карата сунуштар жана сын-пикирлер жөнөтүлдү.

2023-жылы институт 179 мониторинг, текшерүү жана инспекция жүргүзүп системалык укук бузуулар аныкталган. Бул боюнча тиешелүү чара көрүү актылары түзүлүп, комплекстик анализдер жүргүзүлгөн.

КР Жогорку Кеңеши, ошондой эле мамлекеттик органдар адам укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууда туруктуу негизде Акыйкатчы институту менен кызматташат”, – деди Жамиля Жаманбаева.

Конференцияда Өзбекстан, Түркия, Италия, Австрия, Венгрия, Польша, Сербия, Түркмөнстан, Казакстан, Монголия, Марокконун акыйкатчылары, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Сунуштардын жана талкуулардын жыйынтыгында конференциянын катышуучулары резолюция кабыл алышты. Ал адам укуктарын коргоодо кызматташууну өнүктүрүү жана улуттук укук коргоо институттарынын өлүм жазасына каршы кыймылга кошулуусуна багытталган.

Ошондой эле, омбудсмендер Өзбекстандын Олий Мажилис Сенатынын жана Олий Мажилис Мыйзам чыгаруу палатасынын башчылары менен жолугушту.

КР акыйкатчысы Марокко, Италия, Венгрия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан омбудсмендери менен сүйлөшүү жүргүздү.

Жолугушуунун соңунда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу үчүн эки тараптын улуттук укук коргоо институттарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир пикирге келишти.

Сүйлөшүү учурунда Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Өзбекстандын Олий Мажилисинин омбудсмени Феруза Эшматова Кыргызстанда Өзбекстандын, ал эми Өзбекстанда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо үчүн улуттук укук коргоо институттарынын алакасын жакшыртууну макулдашты.

Андан сырткары, КР акыйкатчысы Ташкентке болгон сапарынын соңунда Өзбекстандагы Кыргызстандын элчиси Муса Жаманбаев менен жолугуп сүйлөштү.

Жолугушуу учурунда Өзбекстандагы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылуу чаралары боюнча талкуу болду.

Кыргызстандын 46 жараны Өзбекстандын абактарында кармалып турат. Өзбекстандын аймагында эмгек келишиминин негизинде Кыргызстандын 37 жараны иштейт.

Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык аталган мамлекетте 300 миң этникалык кыргыз жашайт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ташкент шаарында өткөн эл аралык конференцияга катышты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button