Бишкекте бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча чоңдор арасында (эркектер жана кыз-келиндер) дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, жабылуу аземи “Газпром-балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде болуп өттү. Ага аталган департаменттин директору Айбек Абдымомунов, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Эркектер арасында 1-орунду — Никита Володин (Орусия), 2-орунду — Ернар Чимбаев (Казакстан), 3-орунду — Жанибек Казыбеков (Казакстан) жана 4-орунду — Дастан Лепшаков (Кыргызстан) багындырды.

Кыз-келиндер арасында алдыңкы төрт орунду россиялык спортчулар ээледи, алар Диана Миронова, Лилия Панова, Марианна Ларченко жана Дарья Михайлова.

Жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Эске салсак, өлкө тарыхында алтынчы ирет бильярд спорту боюнча чоңдор арасында (эркектер жана кыз-келиндер) дүйнө чемпионаты болуп өттү. Ага 20га жакын өлкөдөн келген 100дөн ашык кий чеберлери катышты. 27-февраль күнү башталган мелдештер 2-мартта жыйынтыкталды.