Коом
10-мартка карата аба ырайы
Жекшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +7…+12, Талас, Ысык-Көл облустарында +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Нарын чөлкөмүндө +1…+6 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +9…+11, Ош шаарларында +14…+16 градуска чыгат.